Делимитация

Википедия дан

Делимитация (delimitatio – чек араны орнотуу) – чектеш мамлекеттердин ортосундагы чек ара сызыгынын жер бетиндеги ордун так аныктоо. Делимитация эл аралык келишимде белгиленет жана ага тиркелген картада графикалык жактан сүрөттөлөт. Делимитация татаал жана жай жүргөн процесс. Анда чектеш мамлекеттер мамлекеттик чек ара сызыгын тактоо, аныктоо жана бекитүү боюнча саясий макулдашууга жетишүүсү зарыл. Делимитация жүргүзүү жөнүндөгү саясий макулдашуу биргелешкен коммюнике, билдирүү, меморандум жана башка саясий документтерде жарыяланат. Мисалы, кыргыз-кытай чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү 1989-ж. Совет-Кытай, 1992-ж. Кыргыз-Кытай биргелешкен коммюникесинде бекитилген. Чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө пикир келишпестиктер болуп, ал чечилбеген учурда аны жөнгө салуу үчүн дипломаттык ортомчулук, арбитраждык, эл аралык сотту калыстыкка тартууга эл аралык укуктун жоболору жол берет. Чек араны делимитациялоонун негизинде демаркация жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]