Делос союзу

Википедия дан

Делос союзу, Афинылык биринчи деңиз союзу – Байыркы Грекияда деңиз жээгиндеги шаарлар менен Эгей деңизиндеги аралдардын союзу, Афинынын гегемониясы менен биздин заманга чейин. 478/477 – 404-ж. түзүлгөн. Грек-перс согуштарынын (500–449) убагында персиялык Ахемениддер державасына каршы чогуу күрөшүү үчүн грек полистеринин бирикмеси катары пайда болгон. Союздун мүчөлөрү Делос аралында чогулушкан. Аны чындыгында афинылыктар башкарып, согуш иштерине жетекчилик кылган, акчалай жыйымдардын (форостун) өлчөмүн аныктап, аларды бөлүштүргөн. Делос союзунун гүлдөп турган убагында анын курамында 200дөй шаар болгон. 454–453-ж. афинылыктар Делос союзунун казынасын Афиныга алып келишкен. Ушундан кийин Афины өкмөтү казынаны өз билгениндей жумшай баштаган. Афины ал түгүл союздаш шаарлардын ички иштерине да улам чечкиндүүлүк менен кийлигишип, өзүнө оңтойлуу тартип орноткон, афинылык тыйынды бардык союздаштар колдонууга милдеттендирилген. Ошентип Делос союзу Афины деңиз державасына айланган. Бирок Пелопоннес согушунун убагында союздаштар Делос союзунан массалык түрдө чыга башташкан. Согушта жеңилген Афины спарталыктардын жана алардын союздаштарынын талабы менен 404-ж. Делос союзун жоюуга мажбур болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия