Дельтаплан

Википедия дан

Дельтаплан - (delta грек алфавитинин 4-тамгасы жана planum жалпактык) — моторсуз учуучу аппарат. Анын көрүнүшү гректин Д (дельта) тамгасына түспөлдөш болот. Адегенде дөңсөө жерден гана учат. Тыгыз кездеме (мисалы, лавсан, дакрон) менен капталган ичке (30-40 мм) металл түтүкчөлөрдөн түзүлүп, парустун шамал менен кездешүүсүнөн пайда болгон көтөрүү күчүнүн эсебинен абада кармалып турат. Салмагы 16-20 кг. Канаттын астына рулдук башкаруучу трапеция (башкаруу туткасы) менен асма система (учкучтун орду) орнотулат. Учуу учурунда учкуч трапеция боюнча солго, оңго, алдыга же артка ордунан жылып, дельтапланды тең салмактуулуктан чыгарат. Ошонун натыйжасында анын учуу багыты өзгөрөт. Мотору чакан (10-15 кВт) болгон дельтапланды мотодельтаплан деп аташат. Тең салмактуулук идеясы немис инженер О. Лилиенталга таандык (1981). Алгачкы дельтапланды 1951-жылы амер. Ф. Регало жасаган. Анын конструкциясы боюнча бир нече дельтаплан жасалып, абага көтөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]