Дельтапланеризм

Википедия дан

Дельтапланеризмавиация спортунун эркин учууга негизделген түрү. Мында учуп-конуусу адамдын буту менен башкарылган дельтаплан колдонулат. Дельтапланда учуунун дүйнөлүк рекорду 20 саат. Мелдеш учуу узактыгы жана белгиленген чекке дал түшүү боюнча жүргүзүлөт. 1976-ж. дельтапланеризмбоюнча Эл аралык комиссия (СИВЛ) негизделип, Эл аралык авиация федерациясына кирген. Бул спорттун түрү боюнча дүйнөнүн жана Европанын чемпионаттары 1977-жылдан кезеги менен өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1