Демин Лев Степанович

Википедия дан

Демин Лев Степанович (1926-ж. т., Москва - 18-декабрь, 1998) - СССРдин учкуч-космонавты, полковник-инженер, тех. илимд. кандидаты (1963), Советтик Союз. Баатыры (1974). 1956-жылдан КПСС мүчөсү.

Бургулоо машиналар заводдунда токарь (1942) болуп иштегён. 1945- жылдан Советтик Армияда кызмат отоп, Аскер авиап. байланыш окуу жайын бүтүргөн. 1949-жылдан Н. Е. Жуковский атындагы Аскер-аба инженердик академиясынын угуучусу, кийин адъюнкту. Аскер-аба күчтөрүнүн илимий изилдөө уюмдарынын биринде коп убакыт бою ст. илимий кызматкер. 1963-жылдан космонавттар отрядында. 1974-ж. 25- августта «Союз-15» космос кемесинин борт-инженери болуп, Г. В. Сарафанов менен бирге космоско учкан. Космосто 2 сутка жүрүп, Жерди 23 жолу айланып чыккан. Учуунун ар кандай режиминде маневр жасоо жана «Салют-3» станциясына жакындоо процесстери боюнча илимий-тех. эксперименттер жүргүзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.