Демиург

Википедия дан

Демиург (гр. demiurgos – уста, кол өнөрчү, хирург) – Платондун философиясында идеялар менен материяны бириктирип, реалдуу дүйнөнү жараткан күч (философиялык кудай); дүйнөнү «жок нерседен» жараткан христиандык кудайдан айырмаланып, Демиург дүйнөнү материалдуу жана идеалдуу потенциядан жаратат. Демиург жөн гана кыймылдын башаты эмес, ал өз энергиясы менен Платон тарабынан дүйнөнүн жаны деп аталган кубулушту пайда кылат. Дүйнөнүн жаны космосту курчап, жандууларга жан берет жана реалдуу дүйнөдөгү кыймылдын башаты болуп саналат. Ошентип, Платондун пикири боюнча, реалдуу дүйнө жандан жана денеден (от, суу, аба, жер) турган, шар формасындагы тирүү жандык болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


.........