Демичев Пётр Нилович

Википедия дан

Демичев Пётр Нилович (3. 1. 1918- ж. т. - 2010) - советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер.

Жумушчунун үй-бүлөсүнөн. 1939-жылдан КПСС мүчөсү. Менделеев атындагы Москва химия-технол. институтун (1944), КПСС БКнын Жог. парт, мектебин (1953) бүтүргөн. 1944-45-ж. илимий-пед. жумушта болгон. 1945-жылдан Москва шаарындагы партиянын Совет райкомунун бөлүм башчысы, катчысы. 1950-56-ж. КПСС Москва шааркомунда, КПСС БКда иштеген. 1956-58-ж. КПСС Москва комитетинин катчысы, 1958-59-ж. СССР Мин. Советиндеиш башкаруучу. 1959-60-ж. КПСС Москва обкомунун, 1960-62-ж. КПСС Москва шааркомунун биринчи катчысы. 1961-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. 1961-74-ж. КПСС БКнын катчысы. 1974-жылдын ноябрынан СССР маданият министри. 1962-66-ж. СССР Жог. Советинин Президиумунун мүчөсү. 1966-ж. апрелден КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөлүгүнө кандидат. СССР Жог. Советинин (5-9- шайл.) депутаты. Үч Ленин ордени жана башка орден, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.