Демографиялык «жарылуу»

Википедия дан

Демографиялык «жарылуу»калктын санынын мезгил-мезгили менен кескин көбөйүүсү. Ал социалдык-экономикалык абалдын жакшыруусуна жана башка себептерге байланыштуу. Дүйнөнүн калкынын саны 19-кылымдын башталышында бир нече жүз млнду гана түзгөн. 1830-ж. 1 млрдга жеткен. 18–19-кылымда абал кескин өзгөрүп, калктын саны ылдам өсө баштаган. 1930-ж. 2 млрддан ашып, 1987-ж. 5 млрдды түзгөн. 1960-ж. өсүү темпинин төмөндөгөнүнө (2ден 1,65%ке чейин) карабай, бүгүнкү күндө дүйнө калкы жылына 80 млнго өсүүдө, 21-кылымдын аягында өсүш 90 млнго жетиши күтүлүүдө. 20-кылымдын 50–60-жылдарында Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын өнүгүп жаткан өлкөлөрүндө төрөлүүнүн жогорку темпи (калктын жылдык орточо өсүү темпи 2,2–2,8%) сакталып, өлүм-житимдин (айрыкча балдардын өлүм-житиминин) төмөндөшүнө байланыштуу калктын саны кескин көбөйгөн. Ал өлкөлөрдө дүйнөнүн калкынын 50%тен ашыгы жашагандыктан, алардын калкынын өсүү темпи жер шарындагы калктын санынын өсүүсүнө зор таасирин тийгизип, дүйнөлүк Демографиялык «жарылууга» алып келген; ал эми ал өлкөлөрдүн өнүгүүсүндөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөр глобалдык мүнөзгө өткөн. Ал эми Батыш Европа, Түндүк Америка, ошондой эле мурдагы СССР аймагында калктын санынын өсүүсү салыштырмалуу төмөн (орто эсеп менен 0,2–0,8%) болгон. БУУнун маалыматы боюнча калктын саны 20-кылымдын аягында 6 млрддан ашып, 2090-ж. (2095-ж.) 10,2 млрдга (12 млрд) жетип, туруктуу өсүү темпине ээ болушу мүмкүн. Мындай темптеги көбөйүү жер шарынын айрым аймактарында табигый экосистемаларга чоң басым келтирип, жашоону камсыз кылуучу жаратылыш системаларын бузууга алып келиши ыктымал; тамак-аш каатчылыгы пайда болот. Азыркы учурда БУУнун маалыматы боюнча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 515 млн адам дайыма ачкачылыкта жашоодо. Ошондуктан азык-түлүк каатчылыгын глобалдык деңгээлде чечүү үчүн демографиялык, экологиялык, энергетикалык жана башка факторлорго байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдөгү акыркы 200 жыл ичиндеги төрөлүүнү жана өлүм-житимди талдоонун негизинде «жөнөкөй» туруктуулуктун (төрөлүүнүн жана өлүм-житимдин жогору болушу) «азыркы» туруктуулукка (төрөлүүнүн жана өлүм-житимдин төмөн болушу) өтүүсүн даана байкоого болот. Бул демографиялык өткөөл 4 фазаны камтыйт: 1. Медицина начар өнүккөн абалда: төрөлүү деңгээли жогору, балдардын өлүмү да жогору; мында калктын саны жай өсөт. 2. Коомчулук оору-сыркоону жөнгө салууну үйрөнөт. Төрөлүү мурдагы калыбында калып, өлүм-житимдин (айрыкча балдардын өлүмүнөн) кыскарышы калктын тез өсүп кетүүсүнө шарт түзгөн. 3. Социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөр (материалдык өндүрүштүн өнүгүүсү, калктын турмуш-тиричилигинин жакшырышы, саламаттыкты сактоо деңгээлинин өнүгүүсү) төрөлүүнүн төмөн дөшүнө алып келет. Бул фазанын аягында калктын саны кайра турукташат, анткени балдардын өлүм-житиминин азайышы төмөнкү төрөлүүнү толуктап турат. 4. Калктын санынын жаңы туруктуулугу төрөлүүнүн жана өлүм-житимдин азайышынан түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1