Демографиялык секирик

Википедия дан

Демографиялык секирик (калктын кескин көбөйүшү) - 20-к. 50-ж. дүйнөдөгү калктын санынын тез өсүшүнүн элестүү айтылышы. Бул мезгилде калктын санынын кескин өсүшү өлүм-житимдин азайышынын натыйжасында болот. Демографиялык секирик ар кайсы өлкөлөрдө тарыхый өнүгүүнүн жүрүшү, саясий, социалдык жана маданий процесстер, үрп-адаттар, салт-санаалар менен шартталган өзгөчөлүктөргө ээ болду. Азыркы убакта демографиялык секирик демографиялык турукташуу менен алмашууда. Толук турукташуу прогноздор боюнча 21-к. 20-ж. жетишилет. Окумуштуулардын эсептөөлөрү боюнча 21-к. орто ченинде жер шарында 10 млрд. жакын киши жашайт жана айрым өлкөлөр менен региондордун калкынын үлүшү кескин өзгөрөт. Азыр калктын тез өсүү темпи Африка өлкөлөрүндө, Азиянын айрым өлкөлөрүндө сакталууда. Африкада төрөлүү саны 1000 кишиге эсептегенде 46,4 кишини түзөт. (Батыш Европа өлкөлөрүндө - 14,1 киши). Азыркы демографиялык процесстердин маанилүү жагы - калктын «улгайып» баратышы. Эгер 1950-ж. 60 жаштан жогору кишилер планетанын калкынын 7,7% түзсө, 20-к. 12% ашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]