Демократиялаштыруунун үчүнчү толкунунун өзгөчөлүктөрү

Википедия дан

Демократиялаштыруунун үчүнчү толкунунун өзгөчөлүктөрү - азыркы, үчүнчү толкун кененирээктиги, масштабынын ааламдуулугу менен айырмаланып турат.

Өзгөрүүчү коомдук тутумдардын жана саясий бийликтердин баштапкы мүнөздөмөсү - Латын Америкасы менен Түштүк Европадагы авторитардык жана аскердик хунтадан баштап, СССР менен европалык социалисттик өлкөлөрдөгү тоталитардыктан кийинки авторитардыкка чейин аябай эле айырмаланып турат. Мындай демократиялык өтүүлөр жыйынтыгында бириккен демократия түзүү жөнүндө айтууга мүмкүндүк бербейт, алар көп учурда токтоп калышат же жалган демократиялык риторика менен жаңыланган авторитардык бийликтердин пайда болушуна алып келет.

С.Хантингтон «үчүнчү толкун» деп аталган өлкөлөрдөгү Демократиялаштыруунун төмөндөгүдөй түрлөрүн бөлүп көрсөтөт:

  • а) трансформация;
  • б) алмаштыруу (бөлүнүү);
  • в) транс кайра жайгаштыруу (бошоо);
  • булардан соң жаңы бийликтин биригүүсү жүрүп өтөт.

Анын үстүнө Демократиялаштыруу жолундагы чоң тоскоолдуктар батыштагы эмес жарды өлкөлөрдө байкалат. Азыркы мезгилде демократияны экспансиялоо эмес, баш коштуруу башкы маселе болуп эсептелет. Жаңы демократияларды баш коштурууда демократиянын морт болбостугу үчүн: саясий институттарды чыңдоо жана экономикалык реформаларды жүргүзүү сыяктуу эки маселеге көңүл буруу сунушталат. Саясий институттар тутуму кайсы бир бутакта бийликтин өтө эле күчөп кетишине алып келбегидей болуп түзүлүшү керек.

Саясий Демократиялаштырууга Караганда экономикалык реформалар татаалыраак, алар калктын калың катмарлары үчүн кыйынчылыктар менен коштолот. Хантингтондун ою боюнча экономикалык реформаларды шайлоолордогу жеңиштен кийин дароо эле баштоо туура болот. Реформа үчүн дайыма аткаруу бийлигинин күчтүү башчысы талап кылынат, ошондуктан жаңы демократия шартында башкаруунун президенттик же жарым президенттик түрлөрү туура келет. Ийгиликке реформаны тезирээк жана бир мезгилде жасаган өкмөттөр жетишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8