Демократиялык блок

Википедия дан

Демократиялык блок (Румыниядагы) - румын эмгекчилеринин массалык антифашисттик уюму (1935-жылы май - 1937-жылдын күзү).

Подпольедеги Румыния компартиясынын жетекчилиги менен иштеген. Демократиялык блоктун программасында демократиялык эркиндикти сактоо жана кеңейтүү, антифашисттик Элдик фронтту түзүү белгиленген. 1936-жылдын башында демократиялык блок өз ишин массалык демократиялык башка уюмдар менен бирге жүргүзгөн. Алардан түзүлгөн демократиялык фронт шайлоолордо (1936, 1937) жеңип чыккан.

1936-жылдын башында демократиялык блоктун жетекчилери камакка алынып, 1937-жылы күзүңдө демократиялык блок таркатылып, ишин демократиялык союз уланткан (1937-38).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4