Демократиялык режим

Википедия дан

Демократиялык режим - саясий режим бир түрү; ага бийликтин бөлүнүшү жана легитимдүүлүгү, саясий плюрализм, негизги адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы мүнөздүү.

Демократтык коомдо өкүлчүлүк демократия дайыма тикелей демократиядан кийин турат .Коомчулуктун ою дайыма изилденет жана эске алынат. Мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүк .органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу эл тарабынан жалпыга бирдей түз шайлоолордо, жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат Шайлоолор саясий партиялардын атаандаштыгынын башкы аренасына айланат. Өкүлчүлүк органдары тарабынан колдоо болгондо жана тигил же бул партия өз саясатын жүргүзүү, мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Демократиялык режим учурунда мыйзам чыгаруучу бийлик, аткаруучу. бийлик жана сот бийлиги биринен-бири бөлүнүп турат. Мамлекеттик бийликтин тигиле же бул бутагы өзүнө көп ыйгарым укуктарды топтоп албашы үчүн Ж. Мэдисондун кармап туруу, жана тең салмактуулук принциби өкүм сүрөт. Адам укугу жана эркиндиги эң жогорку баалуулук катары каралып, аларды кепилдикке алуу - мамлекеттин башкы социалдык-саясий функциясына айланат. Демократиялык режимде жалпыга бирдей белгилеринен тышкары ар бир өлкөнүн өзүнүн тарыхый, Экономикалык, саясий шарттарына жана себептерине жараша улуттук өзгөчө белгилерге ээ болушу да мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8