Демократиялык социализм

Википедия дан

Демократиялык социализм - Социалисттик Интернационалдын официалдуу идеологиялык жана саясий доктринасы.

Демократиялык социализм термини XIX к. аягында Германия, Австрия жана Улуу Британия жумушчу кыймылында пайда болгон. Демократиялык социализм. идеясы II Интернационалдын теоретиктери тарабынан, биринчи кезекте Э.Бернштейн жана «австромарксизмдин» өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан. Демократиялык социализм концепциясынын башкы тезиси социализмдин принциптери (капиталисттик эзүүгө карты күрөш, социалдык адилеттүүлүк) менен либерализмдин баалуулуктарын бириктирүү жана анын негизинде прогрессивдүү социалдык-экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзүү жолу менен адилеттүү коомдук түзүлүшкө жетүү болуп саналат. Өз алдына саясий бийликти басып алуу жана пролетарий диктатурасын орнотууну максат кылып койгон II Интернационалдьш большевиктик агымы менен Демократиялык социализм принциптери дайыма кармашып келген.

1917-ж. Орусиядагы революциядан кийин Демократиялык социализм СССРде орногон коомдук түзүлүшкө альтернатива катары карап келген. Демократиялык социализмдин кеңири концепциясы биринчи жолу Социнтерндин I Конгрессинде (Франкфурт, 1951) иштелип чыккан. Ага ылайык келечектеги социалисттик коом демократтык каражаттар менен түзүлгөн эркин коом катары сүрөттөлгөн. «Эркиндиксиз социализм болбойт. Социализм демократия аркылуу гана ишке ашырылышы мүмкүн, демократияны камсыз кыпуу социализм аркылуу гана болушу мүмкүн», - деп айтылат Франкфурт> декларациясында.

Демократиялык социализм концепциясына ылайык демократия - бул элдин башкаруусу, ал төмөнкүлөрдү камсыз кьшат: ар бир адамдын жеке турмушуна мамлекеттин мыйзамсыз кийлигишүүсүнөн коргоо; саясий эркиндиктер; көпчүлүктүн башкаруусу жана азчылыктын укугун сыйлоо; мыйзам алдында бардык жарандардын тендиги; маданий автономия укугу ж.б. Акыркы мезгилдерде бир катар социал-демократтык партиялар «уюмдашылган» же «башкарылма» рынок концепциясын иштеп чыгышты. Демократиялык социализмдин идеологдорунун сунуштарында жумушсуздукту азайтуунун жолдору көрсөтүлүүдө. 70-80-ж. күч алган глобалдык проблемалардын таасири астында Демократиялык социализм концепциясы экологиялык программа менен толукталды. Социал-демократия идеясы жана Демократиялык социализм принциптери Кыргызстандагы саясий партиялардын өзгөчө Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын программалык документтерине да кирди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8