Демократиялык централизм

Википедия дан

Демократиялык централизм – партиялардын коомдук-саясий ишмердигиндеги, мамлекеттик бийликти ишке ашыруудагы жетекчи негиздеринин бири – башкаруунун борбордоштурулуп уюшулушу. Анда жетекчи органдардын төмөнтөн жогору шайланышы, алардын өз партиялык уюмдарына жана жогорку органдарга мезгил-мезгили менен отчёт берүүсү, азчылыктын уюмдашкан көпчүлүккө баш ийүүсү, жогорку органдардын чечимдеринин төмөнкүлөр үчүн аткарууга сөзсүз милдеттүүлүгү; булардын баары коммунисттик жана жумушчу партиялардын уюмдашуу негиздери, Ошондой эле, тоталитардык мамлекеттердин саясий түзүлүшү болуп келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5