Демос

Википедия дан

Демос - (гр. demos – эл), кеңири маанисинде Байыркы Грекиядагы толук жарандык укукка ээ эркин эл (метек, периэк, кулдар жана башка калктын укуксуз катмарларынан айырмаланат). Гомердик (биздин заманга чейин. 11–9 кылым) жана архаикалык (биздин заманга чейин. 8–6-кылым) доордо Г. ак сөөктөр евпатриддерден айырмаланган жөнөкөй эл массасы. Биздин заманга чейин. 6–5-кылымда кыштак эли, Ошондой эле шаар калкынын бир бөлүгү (кол өнөрчүлөр, соодагерлер), ал эми биздин заманга чейин. 5-кылымдын аягы – 4-кылымда нукура кедейлер (көбүнчө шаардыктар) демос деп аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1