Демөөрчүлүк
Демөөрчүлүк – КР мыйзамдары боюнча, жеке же юридикалык жак (демөөрчү) тарабынан башка бир жеке юридикалык жактын (демөөр алуучунун) иш-аракетине салым кошуусу (мүлктү берүү, интеллектуалдык менчиктин үзүрлөрүн ыйгаруу, кызмат көрсөтүү, жумуш аткаруу түрүндө). Мында демөөр алуучу тарап демөөрчү жеке анын товарлары тууралуу жарнама таратуу шартын аткарат: демөөрчүнүн кошкон салымы жарнама үчүн төлөнүүчү акы, демөөрчү – жарнама берүүчү, демөөр алуучу – жарнама таратуучу болуп эсептелет. Демөөрчү демөөр алуучунун иш-аракетине кийлигишүүгө акысы жок.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|