Дем алуу системасы

Википедия дан

Дем алуу системасыорганизм менен сырткы чөйрөнүн (абанын) ортосунда газ алмашууну ишке ашыруучу органдар жыйындысы. Дем алуу системасы аба өткөрүүчү жолдордон (мурун көңдөйү, коко, кекиртек жана бронхтор) жана өпкөдөн турат. Мурун көңдөйүндө, ошондой эле жыт сезүү органы да жайгашкан. Аба мурун көңдөйү аркылуу өтүп жылып, нымдалып, тазаланат да, адегенде мурун - кулкунга, андан кийин кулкундун ооз бөлүгүнө келет. Бул жерге аба ооз менен дем алганда да келет. Бирок бул учурда аба тазаланбайт жана жылыбайт, ошондуктан мурун менен дем алган туура. Аба кулкундун коко бөлүгүнөн аба өткөрүү менен бирге үн пайда кылууга катышуучу кокого өтөт. Кокодон ары кекиртекке жылат. Кекиртек IV—V көкүрөк омурткасы тушта эки (оң жана сол) бронхко бөлүнөт. Ал аркылуу аба андан ары өтө майда бронхторго өтүп, өпкө альвеоласына жетет. Альвеоланын өтө жука капталы биологиялык өткөргүч мембрана болуп эсептелет. Ал аркылуу кан тамыр капиллярындагы кан менен альвеоладагы абанын ортосунда газ алмашуу жүрөт. Газ алмашууда дем алгандагы кычкылтек канга, ал эми кандагы көмүр кычкыл газы альвеола абасына өтөт. Дем алууну көкүрөк клеткасы менен анын булчуңдары, боор эт, аба өткөрүүчү жолдор жана өпкө сыяктуу дем алдыргыч аппарат ишке ашырат. Дем алуу процессин борбордук нерв системасынын атайын бөлүгү — дем алуу борбору жөнгө салат. Дем алуу борбору дем алдыргыч жана дем чыгаргыч болуп эки бөлүктөн турат[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. Дем алуу органдарынын түзүлүшү