Дени сак жашоо таризи жана жеке гигиена

Википедия дан

Дени сак жашоо таризи жана жеке гигиена — Жеке гигиенанын жөнөкөй ченемдерин сактабоо оорулардын оожалышына негиз болушу мүмкүн. Чачка, ооз көңдөйүнө, угуу жана көрүү органдарына, колдорго, жыныс мүчөлөрүнө, таманга өзгөчө көңүл буруу шарт.[1]

Денени гигиеналык жактан таза кармоо:

Тери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тери организмди ар кандай тышкы таасирлерден коргойт, дем алууга, жылуулукту жөнгө салууга, зат алмашууга жана башка көптөгөн процесстерге катышат. Тери күн сайын май жана тер бөлүп чыгарат.[2]

Теринин бетиндеги май, өлүк клеткалар, бактериялар жана кирлерди кетирүү үчүн аны тазалап туруу керек. Болбосо, теринин коргоочу касиеттери бузулуп, козуткуч бактериялардын, козу карындардын жана башка зыяндуу микроорганизмдердин көбөйүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Жай мезгилинде теридеги жылуулук жана нымдуулук бактериялардын өлбөй калышына шарт түзгөн учурда абал курчуйт.[3]

Жашоо таризине жана теринин түрүнө жараша душка түшүп туруу абзел.[4]

Кол[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колду такай жууп, бетке тийгизбөө керек. Тамактанардан алдын, ажатканага жана коомдук жайларга баргандан кийин сөзсүз колуңузду жууңуз.

Колду тазалоонун эң майнаптуу жолу – жылуу суу жана самын менен жууш.

Эгерде сиз самын менен сууга кол жеткире албасаңыз, анда спирт кошулган сүртүп тазалоочу каражатты колдонуңуз.

Колду жууштун орточо узактыгы 40-60 секундду түзүшү керек.

Жол-жобонун баскычтары:

1. Колдун терисин нымдоо.

2. Териге бүт бойдон самынды жетиштүү сыйпоо. Колду самынсыз жууган пайдасыз.

3. Бир алакан менен экинчи алаканды ышкалап, оң алакан менен сол колдун сыртын жышуу, манжаларды чырмалыштырып жуу жана тескерисинче.

4. Манжаларды чырмап, алакан менен экинчи алаканды ышкалоо.

5. Манжаларды бириктирип, алардын сырт жагы менен экинчи алаканды ышкалоо.  

6. Сол колдун баш бармагын оң алакан менен жана тескерисинче кармап, айлантып ышкалоо.

7. Манжалардын бириктирилген учу менен айланта сол алаканды жана тескерисинче ышкалоо.

8. Мол суу менен самынды таза жууп кетирүү.

9. Колду кургатуу. Кагаз сүлгү кездемеден жасалганга караганда гигиеналык жактан кыйла жакшы.

10. Кранды салфетка менен жабуу.[5]

Чач жана баш териси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чачты жана баштын терисин тазалоого жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек, анткени туура жуу майлуу бездердин ишин нормалдаштырат, кан айланууну жана зат алмашуу процесстерин жакшыртат.  

Канча жолу жууш теринин түрүнө, чачка, жыл мезгилине жана чачтын узундугуна жараша болот. Майлуу тери баш кийимдин айынан дем албай, май көп бөлүнүп чыккандыктан, кыш мезгилинде да бат кирдейт.

Ооз көңдөйүнүн гигиенасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тишти эртең менен тамактангандан кийин жана кечинде уктаар алдында жууш керек. Тиш 3 мүнөт же андан көп убакыт ичинде жуулат. Тиштердин ички, сырткы, чайноочу жагын да жууш шарт. Тилди тазалоо жөнүндө да унутпоо абзел. Тамактангандан кийин тамактын калдыктарын тиш жиптери, атайын каражаттар же сагыз менен тазалоо (5 мүнөткө чейин), суу менен чайкоо зарыл.

Угуу органдарынын гигиенасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кулактын кулкусун дарыгерге гана тазалатуу абзел.

Жыныс органдарынын гигиенасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыныс органдарынын гигиенасынын эрежелерин бузуу уретрит, цистит, кандидоз жана башка ооруларга алып келип, натыйжада тукумсуздукка себеп болушу мүмкүн.

Эрежелери:

  • натуралдык кездемелерден ич кийимдерди кийүү жана аларды күн сайын алмаштырып туруу;
  • жеке гигиена каражаттарын (устара, кайчы, сүлгү) колдонуу;
  • күн сайын жууп туруу;
  • жыныстык катышууга чейин жана андан кийин душка түшүү.[6]

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]