Деннис Южин

Википедия дан

Деннис Южин (10, 8. 1904-31. 1. 1961) - америкалык жана эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери.

Жумушчу үй-бүлөсүнөн, 13 жашынан иштеген. Иш таштоо кыймылына активдүү катышкан. 1927- жылдан компартиянын мүчөсү. Түштүк Калифорния, Пенсильвания - Ю. Деннис парт, уюмдарында жооптуу кызматтарда иштеген. 1938-жылдан АКШ КПнин Улуттук комитетинин мүчөсү, 1946-59-ж. секретари. Бир нече жолу куугунтукталган. 1950- 51-ж. түрмөгө олтуруп чыккан. Андан аз убакыт өткөн соң кайра камалып, жалган айыптоолор менен соттолуп, 1951-55-ж. түрмөдө болгон. 1

956- 59-ж. ревизионисттердин ырк бузар иштерине каршы күрөшүп, марксизм- ленинизмди жактаган. 1959-ж. декабрдан АКШ КПнин Улуттук комитетинин төрагасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.