Денонcация

Википедия дан

Денонcация - (фр. dtnonciation – кабарландыруу, жараксыз деп табуу), 1) эл аралык укукта мамлекет аралык келишимди түзгөн тараптардын биринин келишим талаптарын аткаруудан баш тартышы. Баш тарта турганы кат жүзүндө билдирилбесе, экинчи тарап үчүн келишимдин мөөнөтү аяктаганча күчүндө кала берет; 2) бир контрагент башкасына алардын ортосунда түзүлгөн келишимди ошол келишимде көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө буза тургандыгын кабарлоосу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1