Депозит

Википедия дан

Депозит — бул кайтарып берүү шартында бир жак экинчи жактан алган акчанын суммасы (ал толугу менен же жарым-жартылайбы же суммадан ашыгыраак кайтарылабы, андан көз карандысыз).

Кыргыз Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкынын тиешелүү лицензиясына ээ болбогон жактар депозиттерди кабыл алууга жана өз аталышында "депозит" деген терминди колдонууга укуксуз.

Банк болуп саналбаган жак депозит болуп эсептелбеген акча каражаттарын төмөндөгү учурларда гана эгерде бул каражаттар:

1) иш-аракети ссуда берүү болуп саналган банктардан же болбосо башка жактардан кабыл алынган болсо;

2) адам тарабынан экинчи адамдан карыз шартында алынган болсо;

3) чет өлкөлүк же эл аралык финансы уюмдарынан алынган болсо;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу компаниялары же социалдык (пенсиялык) фонддор тарабынан алынган болсо;

5) баалуу кагаздар менен жүргүзүлүүчү операцияларды жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу алынган болсо;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиянын негизинде адистештирилген компаниялар тарабынан кардарлардын атынан баалуу кагаздарга инвестициялоого багытталган ишти жүзөгө ашыруу максатында кабыл алынган болсо;

7) контракт боюнча сатууда, ижарага берүүдө же мүлктү берүүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн башкача жолдорун ишке ашырууда алдын-ала төлөнгөн же жарым-жартылай төлөнгөн төлөм катары киргизилсе жана ал ошол мүлк же кызмат көрсөтүү иш жүзүндө сатылбаган, ижарага берилбеген же болбосо кызмат көрсөтүлбөгөн учурда гана кайтарылууга тийиш болсо;

8) контракттын аткарылышына ылайык гарантия же күрөө катары же болбосо кандайдыр бир мүлктү сатууну же кайтарып берүүнү камсыздоо үчүн киргизиле турган болсо;

9) бир эле негизги компаниянын (түпкү) туунду компаниялары болуп саналган бир акционердик коом тарабынан экинчисине төлөнө турган болсо же алардын бири экинчисинин туунду компаниясы болуп саналса;

10) биргелешип иштөө жөнүндөгү макулдашуунун негизинде бир жак тарабынан экинчи жактан кабыл алына турган болсо гана топтой алат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

Шилтеме:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.