Депонент
Депонент (лат. deponens ( deponentis ) – кийинкиге калтыруучу) – 1) депозитке баалуулук берген жеке адам же юридикалык жак; 2) өз убагында айлыктарын албай калышкан жумушчулар, айлык акылардан алардын пайдасына кармалган (алимент ж. б.) айрым уюмдар жана кишилер да Д. болуп саналышат; 3) депозитарийдин кардары, келишимдик негизде анын Д-ке же аны тим гана кармап туруу ишенилген баалуу кагаздар боюнча бүтүмдөрдү тейлөө кызматынан пайдалануучу киши.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|