Депрессия

Wikipedia дан
Депрессия

Депрессия (лат. depressio – көңүлдүн чөгүшү) – психологиялык мааниде – адамдын басмырланган, көңүлү чөккөн абалы, сар-санаага батуу, куса болуу, кайгылуу маанайы.

Депрессия экзогендик (жагымсыз, басмырлаган жагдайга психикалык реакция жасоо) же эндогендик (көңүлдүн чөгүшүнүн оору-сыркоо менен байланышы) болушу мүмкүн.

Депрессия оорусу[оңдоо]

Адамдын психикалык абалынын начарлашы (көңүл коштук, маанайы пастык) жана кыймыл-аракетинин бузулушу ( жалпы тонус солгундап, тамак сиңирүү, уйку начарлайт) менен мүнөздөлгөн оору. Депрессия баш мээнин жана кан тамырдын бузулушунда, аракечтикте, баңгиликте, климакс учурунда, айрым жугуштуу оорулардан (грипп) кийин да пайда болот. Өтүшүп кеткен Депрессияда жашоого кызыкчылык жоголот, көңүл чөгүп, жашоодон кечет. Оорулуу эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготот, үй-бүлөгө кайдыгер мамиле жасайт. Ой-пикири чар-жайыт болуп, жай ойлонот, бир калыпта көпкө кыймылсыз отурат, шалакылык пайда болот. Алар жүрөктү өйүгөн, зээнди кейиткен, жагымсыз көңүл оорусун сезишет. Турмушту сансыз жаңылыштардын түрмөгү, жаман жоруктардын туундусу деп билишет, өздөрүн да айыпташат, өзүн-өзү өлтүрүүнү самашат. Жеңил Д-да (субдепрессия) ички органдардын функциясы бузулат, ишке жөндөмдүүлүк начарлайт, уйку качат. Кээде көңүл чөгүү максатсыз кыймыл аракет менен коштолуп, ачуулануу, кыжырлануу сезими пайда болот. Психиатрия менен тааныштыгы жок адамдар жаман маанайды, жагымсыз абалды, өтө чарчап-чаалыгууну, жазында организмде витаминдин азаюусунан болуучу убактылуу алсызданууну депрессия деп түшүнүшөт. Депрессия жогоркулардан айырмаланат, көпкө создугуучу туруктуу оору. Депрессия психиканы козгогон себептерди (кайгы, оор дарт) жойгондон кийин да өөрчүшү мүмкүн. Депрессия көп учурда картаюу алдындагы психоздун жана шизофрениянын, ошондой эле мания депрессиялык психоздун белгилери болот. Дарылоо психиатриялык ооруканада өткөрүлөт, антпесе оорулуу өз жакындарын да өлтүрүп коюшу ыктымал. Амбулаториялык дарылоо мезгилинде дарыларды, тамак-ашты врачтын көрсөтмөсү менен гана ичүү керек, анткени Депрессияны дарылоочу дарыларды айрым тамак-аш менен кошуп ичүү зыян. Дарылануу мезгилинде ичкилик ичүүгө такыр болбойт, андан жүрөк-кан тамыр системасынын иштөөсү бузулуп, коллапс болушу ыктымал. Айрым дарылар акыл-эсти бир аз начарланткандыктан айрыкча машина айдоочулар иш убактысында кабыл алууга болбойт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8