Депутаттын суроо-талабы

Википедия дан

Депутаттын суроо-талабы - мамлекеттик бийликтин өкүлдүк органына шайланган депутаттын мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарына же кызмат адамдарына алардын ишине тийиштүү маалыматтарды жана түшүнүктөрдү берүү тууралуу талап менен кайрылышы.

Демократтык өлкөлөрдө Демократтык централизм - өкүлдүк органдын өзүнө баш ийген аткаруу органдарынын ишине көзөмөлдүк кылышынын формаларынын бири. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-статьясында: Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алат, аларга өзгөртүү жана толуктоо киргизет, ошондой эле, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт; өзү түзгөн же шайлаган органдардын, ошондой эле өзү дайындаган же шайлаган кызмат адамдарынын отчетун угат, зарыл учурда республиканын өкмөтүнө же анын айрым мүчөсүнө ишеним көрсөтүү маселесин чечет - деп көрсөтүлгөн.

Ал эми 57-статьяда: «Жогорку Кеңештин депутаты мамлекеттик башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына суроо-талап менен кайрылууга укуктуу. Алар Жогорку Кеңештин заседаниесинде суроо-талапка жооп берүүгө милдеттүү», - деп айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6