Деривация

Википедия дан

Деривация (лат. derivatio - буруп келүү, кайтаруу, түзүү) - сөздөрдүн баштапкы негизине таянуу менен жаңы форманын келип чыгуу (пайда болуу) процесси. Жөнөкөй учурда - уңгуга мүчөнүн жалганышы: бука-букачар, кыш - кышында.

Ошондуктан Деривация кээ бир учурларда сөз жасоо деп да айтыла берет.

Деривация кеңири мааниде сөз өзгөртүүнү (inflection) белгилөө үчүн жалпыланган термин катары түшүндүрүлөт же сөз жасоо (wordformation) же тилдеги ар кандай жаңы сөз жасоо (экинчи белги) процесстерин атоо үчүн колдонулат.

Деривация процессинде баштапкы кабыл алынган бирдиктин (сөздүн, сүйлөмдүн) семантикалык жана структуралык түзүлүшүнүн өзгөрүшү келип чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4