Дермографизм

Википедия дан

Дермографизм — тери кан тамырларынын реакциясы. Терини механикалык дүүлүктүргөндө дүүлүккөн жерде кызыл же ак сызыктар пайда болот. Д. ар бир кишиде байкалат. Капиллярлардын спазмында — ак, алардын кеңейишинде кызыл Д. пайда болот. Д. вегетатив нерв системасын изилдөөдө колдонулат. Д-дин түрүн аныктоо нерв жана эндокрин системаларынын ооруларына диагноз коюуда маанилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8