Дескриптивдик лингвистика

Википедия дан

Дескриптивдик лингвистика – (лат. descriptivus – сыпаттоо, сыпаттама), 20-кылымдын 30–50-жылдарында америка тил илиминде пайда болгон лингвистика структурализмдин бир багыты. Тилди изилдөө ыкмалары структуралык принципке негизделген. Бирок европалык лингвистика структурализмдинбагыттарынан бир кыйла олуттуу айырмачылыктарга ээ. Ал АКШнын коомдук-тарыхый, философия, тил илиминин өнүгүшүнүн тилдик шарттарынын өзгөчөлүү чагылдырылышы: позитивизм, прагматизм жана биховиоризм теориясынын жаралышы; жергиликтүү индейлердин тилин иликтөө салты; АКШда жа шаган ар түрдүү иммигранттык топторго байланыштуу өтө орчун маселелер. Дескриптивдик лингвистика америкалык индейлердин тилин иликтөөдөгү турмуштук талаптан, башкача айтканда Л. Блумфильддин салыштырма-тарыхый тил илиминин ыкмаларын кыйшаюусуз колдонуусунан келип чыккан. Кийин англис, индевропа, түрк, семит тилдерин изилдөөдө өз ыкмасынын багытын сактоо максатында тилди окутуу ыкмасы менен тыгыз байланыш жасаган. Дескриптивдик лингвистиканын принциптеринин өнүгүшү бир нече этапка бөлүнөт. Ошондой эле тилдин структурасынын формалдык элементтерин сыпаттап, дистрибуцияны негизге алат. Натыйжада дескриптивдик лингвистика тыбыштын комплексин тилге барабар коёт да, анын маанисин эске албайт. Дескриптивдик лингвистика ыкмасы тилдин тыбыш системасын изилдөөдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1