Десницкий Семён Ефимович

Википедия дан

Десницкий Семён Ефимович (1740- ж. ченде - 15(26). 6. 1789) - орус эл агартуучусу, юрист.

Билим алуусун Москва университетинде баштап (1759-60), Глазгодо уланткан; анда 1767-ж. жарандык жана чиркөө укуктары боюнча доктор наамын алган. 1767-87-ж. Москва университетинде укук боюнча проф. болуп, орус укуктарын иштеп чыккан жана укукту орус тилинде окутууга практикалык багыт берген. Жеке менчиктин, айрыкча жер менчигинин жана мурастоонун чыгыш тарыхын изилдеген. Крепостной укукту сынга алып, буржуазиялык түзүлүштүн негиздерин жактаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.