Деспотия

Википедия дан

Деспотия (гр. despoteia - чексиз бийлик) - жеке бийликке негизделген мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу формасы.

Анда сурак жүргүзгөндөр (падыша, король, хан ж. б.) чексиз укукка ээ болгон. Байыркы Чыгыш мамлекеттери (Ассирия, Вавилония, Египет, Индия, Иран, Кытай ж. б.) Деспотияга үлгү боло алат. Анткени аларда жерди ээлоо жана башкаруу укугу борбордошкон мамлекеттик бийликтин колуна топтолгон. Ф. Энгельс: «...жамааттар жерди чогуу иштетип, болбосо айрым үй-бүлөгө убактылуу барымтага берген кезде а ли жеке менчик түзүлбөгөндүктөн, андай жерде мамлекеттик бийлик деспотизм түрдө өкүм сүргөн»,- деп белгилеген (Маркс К.. Энгельс Ф., Соч., 2 изд., т. 19, с. 492).

Багдад халифаты (8-9-к.), Индиядагы Улуу Моголдор бийлиги (16-17-к), Осмон империясы (14- 16-к.) феод. Деспотия болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.