Деталь

Википедия дан

Деталь(фр. – майда), көркөм деталь – чыгармада маанилик жана идеялык-эмоциялык жүк көтөрүп турган майда бөлүкчө. Алар авторго сүрөттөп жаткан окуяны, көрүнүштү, каарманды кайталангыс индивидуалдуулукта ачып берүүгө көмөктөшөт. Деталь сырткы көрүнүш, белги, кийим, шарт-жагдай, жүрүш-туруш, кыял-жорук болушу мүмкүн, ошондой эле каармандардын, автордун речинде берилиши ыктымал. Мисалы, Айтматовдун “Ак кеме” повестинде бир эле майда учурда (деталда) баланын атасы ак кемеде экени айтылып өтөт же “Биринчи мугалимде” кош теректи сүрөттөгөн чакан деталь бар. Мындай деталдар чыгармадагы идея, тема, каармандардын образы менен байланышат. Деталь ар түрдүү методдордо, ар кыл усулда жана жазуучунун чеберчилигине, стилине жараша түрдүүчө жаралат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004