Детектор

Википедия дан

Детектор (лат. detector – ачуучу) радиотехникада – радио уктургуч, байланыштыргыч, телекөрсөткүч, кабыл алгычтарда, өлчөгүч жана башка приборлордо электр термелүүлөрүн өзгөртүүчү түзүлүш. Детектор амплитудалык, жыштык жана фазалуу болуп бөлүнөт. Амплитудалык детектордо жогорку жыштыктагы амплитудалуу өзгөрүлмө термелүүнү детекторлоо үчүн электр өткөрүүчү элемент катары жарым өткөргүчтүү диод колдонулат. Мында термелүүнүн өзгөрүлмөлүү чыңалуусу конденсатордон, диоддон жана резистордон түзүлгөн электр тизмегине аракет кылат. Диод бир тарапка өткөргөндүктөн, тизмекте жогорку жыштыктуу импульс түрүндөгү электр тогу пайда болот. Ток резистордун учтарында чыңалууну пайда кылат да, чыңалуунун амплитудасы өзгөрөт. Жыштык жана фазалуу детектордо жыштыгы жана фазасы боюнча өзгөрүлмө термелүүлөр адегенде амплитудасы боюнча өзгөрүлмө термелүүгө айландырылат да, андан кийин амплитудалык детектор менен өзгөртүлөт. Детектордун жылуулук, радиоактивдүү нурланууну табуучу элементардык бөлүкчөлөрдү каттоочу, калп кармоочу жана башка түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1