Детекторлоо, демодулдаштыруу

Википедия дан

Детекторлоо, демодулдаштыруу - (лат. detectio – ачуу, табуу) – төмөнкү жыштыктагы сигналды бөлүп алуу үчүн модулдаштырылган термелүүлөрдү кайра өзгөртүү. Детекторлоо – термелүүлөрдү модулдаштырууга тескери процесс. Детекторлоо термелүү жыштыгын кайра өзгөртүүгө байланыштуу болгондуктан, аны жүзөгө ашырууда сызыктуу эмес элементтер – вакуумдук жана жарым өткөргүчтүү диод, транзистор, эбегейсиз өткөргүчтүү туннелдик өтүштөр колдонулат. Бул кубулушка негизделген түзүлүштөр детектор деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1