Детергенттер

Википедия дан

Детергенттер – тазалоочу заттардын аралашмасы. Анын курамындагы кирди жакшы кетирген негизги элемент – тензид. Детергенттерге, ошондой эле сууну жумшартып, тензиддин таасирин күчөтүүчү, агартуучу заттар, ферменттер жана башка кирет. Аларды тиричиликте кеңири (идиш-аяктарды, кездемелерди, автомобилдерди жана башка жууганда) колдонгондуктан, детергенттер таштанды сууларга кошулат. Айыл чарбада пестициддерди эмульгациялоо үчүн пайдаланылгандыктан, топурак кыртышына жана жер асты сууларга топтоло баштайт. Ал эми өнөр жайлуу шаарларда детергенттерди колдонуудан агынды куурлар самын көбүгүнө толо баштайт. Ошондой эле детергенттер жер астындагы сууларга да кошулуп кеткен учурлар болгон. Детергенттер балыктар, рак сымалдар жана моллюскалар үчүн да коркунуч туудурат. Айрым детергенттер бузгуч касиеттерге ээ болуп, адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Детергенттер өндүрүштө көп чыгарылып, тиричиликте кеңири пайдаланылат. Тиричиликтеги, айрыкча балдар арасындагы көп кырсыктарга тазалоочу заттар себеп болот. Айрым өлкөлөрдө детергенттер жана тазалоочу заттар жөнүндө атайын мыйзамдар кабыл алынып, экологиялык жана тиричиликтеги коопсуздук камсыз кылынат[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

  1. Өз колу менен тазалаган