Дефолианттар

Википедия дан

Дефолианттар (де жана лат. folium - жалбырак) - өсүмдүк жалбырагын түшүрүүчү хим. заттар.

Изилдөөчүлөрдүн маалыматтарына Караганда өсүмдүктө этилен Дефолианттар пайда болот да, жалбырак өзүнөн өзү түшөт. Хим. заттардан бутифос менен мерфосту колдонуу жакшы натыйжа берет, бирок алардын жыты сасык жана жаныбарларды ууктурат. Хлорит натыйжалуу болгону менен кеч таасир тийгизет. Дефолианттарды чачканда жалбырактын 70-95% түшүп, калганы куурайт. Дефолианттар гозо жалбырагын түшүрүүдө коп пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.