Дефометр

Википедия дан

Дефометр (деформация жана метр) - каучуктун жана резпеанын серпилгич, ийилгич касиеттерин аныктоочу прибор.

Текшериле турган үлгүгө ар түрдүү куч келтпрүү менен анын серпилгич. илээшкек касиеттери - катуулугу, калдыктын деформациясы, калыбына келгичтиги ж. б. аныкталат.

Текшериле турган улгү алдын ала термостатта 80°Сге чейин ысытылып, сыналуучу камерага коюлгандан кийин рыччагдардын жардамы менен күч келтирип кысылат. Сыноонун так жана ыңгайлуу жүргүзүлүп жаткандыгы спгпалдык түзүлүш (электр сааты, үн релеси) менен байкалып турат. Үлгүнүн бийиктиги микрометр менен ченелет. Дефометр каучук менен резинаны даярдоочу жана аларды пайдалануучу ишканаларда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.