Деформация (физикада)
Деформация (физикада) - (лат. deformatio бузулуу, өзгөрүү), сырткы аракеттин же ички күчтүн натыйжасында нерсенин формасынын жана өлчөмүнүн өзгөрүшү. Бардык катуу, суюк, газ абалындагы заттар деформацияланат. Деформация бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүү күчтөрүн өзгөртүп, механикалык чыңалыштын пайда болуусуна алып келет. Деформация механикалык күчтүн, жылуулуктун, магнит же электр талааларынын жана башка аракеттин натыйжасында болот. Катуу нерсеге аракет кылган күч алынып ташталганда толук жоюлган деформация серпилгичтүү, толук сакталганы пластикалуу, ал эми чала жоюлганы серпилгич пластикалуу деп аталат. Эгерде турактуу күчтүн аракети менен деформация убакыт боюнча өссө жана күч алынып ташталганда, процесс кайрылып нөлгө умтулса, аны илээшкектүү деформация дейт. Кристаллдагы деформация механизмдеринин бири дислокациянын кыймылы жана көбөйүүсү. Деформациянын жөнөкөй түрү — салыштырмалуу узаруу жана жылышуу. Өзөктүн же чөйрөнүн жипчесинин узундугунун өзгөрүүсүнүн баштапкы узундугуна болгон катышына барабар чоңдук салыштырмалуу узаруу деп аталат: e=(l-l0)/l0=Al/l0, мында l0 баштапкы узаруу, ал эми (l-l0)/l0=Al/l0 салыштырмалуу узаруу болот. Бир чекиттен чыккан, өз ара тик бурчтуу эки жөнөкөй жипчелердин арасындагы бурчтун өзгөрүүсүн жылышуу дейт. Эгерде салыштырмалуу узаруу жана жылышуу бирден кичине болсо, деформация кичине деп аталат. Деформацияны өлчөө (магниттик, электрдик, механикалык жана башка) нерсенин белгиленген чекиттеринин ортосундагы аралыкты жана жаралган натыйжаны түз же кыйыр өлчөөгө негизделген. Деформациянын эң жөнөкөй түрлөрү созулуу, кысылуу, ийилүү жана толгонуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5