Деште-кевир

Википедия дан
Деште-кевир.

Деште-кевирИран тайпактоосунун түндүгүндөгү чөл. Иранда. Узундугу 500 кмдей, туурасы 250 кмге чейин. Таманы такыр, шор басып, какшып бараткан саз ээлеген бир нече жазы өрөөндөрдөн (абсолюттук бийиктиги 600–800 м) турат. Жаанчыл мезгилде ылайланган көлчүктөргө айланат. Саз балчыктарынын курамында 22%ке чейин туз болот. Ошондуктан бул чөл Чоң-Туз чөлү деп да аталат. Кумдуу чөлдөр бар. Чет жакасында оазистер сейрек кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1