Деңиз коёнектери

Википедия дан
Aplysia californica.

Деңиз коёнектери — (лат. Aplysia) деңизде жашоочу үлүлдөрдүн бир уруусу, булардын өкүлү: деңиз коёнеги (лат. A. depilans).

Денесинин узундугу 40 смге жетет, ачык түстө. Башында 2 жуп тинтүүрүнүн арткысы коёндун кулагына окшош. Капталындагы буттары жогору сүзүүгө жардам берет. Чоңдорунун раковинасы жука пластинка түрүндө болуп, мантия менен жабышып турат. Мантия көңдөйүндө аларды бирөө тынчсыздандырганда ачык кызыл түстөгү уулуу суюктукту бөлүп чыгаруучу бездери бар. Алардын 35ке жакын түрлөрү тропик жана субтропик деңиздеринде жашайт. Өсүмдүк менен азыктанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5