Деңиз түйүнү

Википедия дан

Деңиз түйүнү - эки аркандын учун бири бирине же арканды илмекке жана кандайдыр бир нерсеге байлоо методу жана байланган жери.

Деңиз түйүнү көбүнчө чоң торлорду жасоодо колдонулат. Аркан чечилип кетпегендей болуп байлануу тийиш. Деңиз түйүнүн жасоодо кендир аркан, кээде зым аркан пайдаланылат. Деңиз түйүнүнүн казык бооч чалып, илмек жана кош илмектүү байлоо, күрмөп байлоо сыяктуу 50ден ашык турү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.