Де Бройль толкуну

Википедия дан

Де Бройль толкуну - микробөлүкчөлөр менен байланышкан жана алардын кванттык табиятын чагылдырган толкун. 1924-жылы франциялык физик Л. де Бройль мурда далилденген фотондордун корпускулалык-толкундук касиетине башка микробөлүкчөлөр да (электрон, протон, мезондор жана башка) ээ болот деген гипотезаны биринчи айткан. Ошондой эле, микробөлчөктөрдүн толкундук жана корпускулалык касиеттери арасындагы сандык катыштар фотондордукундай деп божомолдогон. Бөлүкчө энергияга (е) жана импульска (р) ээ болсо, анда ал бөлүкчө менен жыштыгы v=ε/h жана узундугу λ=h/p болгон толкун байланышкан, мында h~6 • 10-27 эрг •c Планк туруктуулугу. Мындай толкун де Бройль толкуну деп аталат, анын узундугу λ=h/m, мында m бөлүкчөнүн массасы, ύ ылдамдыгы. Бөлүкчөнүн массасы жана ылдамдыгы канчалык кичине болсо, бул толкундун узундугу ошончолук чоң болот. Мисалы, 1 м/с ылдамдыкта кыймылдап келе жаткан массасы 1 г бөлүкчө толкун узундугу λ =10-18А га барабар толкунга туура келет. Бирок иш жүзүндө мындай толкунду байкоо мүмкүн эмес. Де Бройль божомолун 1927-жылы америкалык физиктер К. Дэвиссон менен Л. Жермер далилдеген. Азыркы мезгилде де Бройль толкуну инженердик иштерде кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]