Джини коэффициенти

Википедия дан

Джини коэффициенти - кирешелердин абсолюттук барабардыгынан же абсолюттук барабар эместигинин иш жүзүндө чектөө даражасын мүнөздөөчү көрсөткүч.

Эгер бардык граждандарда кирешелер бирдей болсо, анда Джини коэффициенти нөлгө барабар болот, эгер бүткүл киреше бир гана адамга топтолсо, анда коэффициент бирге барабар болот. Ошентип, коэффициенттин мааниси нөл менен бирдин ортосунда болот. Анын мааниси бирге канчалык жакын болсо, коомдогу кирешелер ошончолук барабар эмес бөлүштүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9