Диагональ

Википедия дан

Диагональ (лат. diāgōnālis, гр. diagonios – бурчтан бурчка баруучу) – 1) көп бурчтуктун диагоналы – көп бурчтуктун бир жагында жатпаган эки чокусун туташтыруучу түз сызыктын кесиндиси. Эгерде көп бурчтуктун чокусунун саны n болсо, анда анын диогоналдарынын саны ге барабар. 2) көп грандыктын диагоналы – көп грандыктын бир гранында жатпаган эки чокусун туташтыруучу түз сызыктын кесиндиси. «Диагональ» термини алгач (биздин заманга чейин. 3-кылым) Евклиддин эмгектеринде кездешкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1