Диазобирикмелер
Диазобирикмелер - азот эки атому менен көмүртек бир гана атому байланышкан орг. бирикмелер. Жалпы формуласы RN2X. Ароматтык Д. Х - к-танын калдыгы же гидроксил тобу. Алифаттык Д. Х-тобу жок. Бирок бул бирикмлер реакциялары ароматтык Д. бирикмелердикине окшош болгондуктан алифаттык Д. деген ат сакталып калган. Аларга эки формула сунуш кылынган:
Алифаттык Д. туруксуз жана реакцияга өтө жөндөмдүү; ысытканда жарылуу менен ажырайт, суу, галогениддер, жана башка менен реакцияга кирип, азотту бөлүп чыгарат. Ароматтык Д. диазо топ ароматтык радикалды жана орг. эмес бирикмелер калдыктарын кармап турат.
Ar-N2-X, X - күчтүү к-талар калдыктары (Сl, HSO4, NO2). Ароматтык Д. көпчүлүгү турксуз жана реакцияга өтө жөндөмдүү болот. Катуу абалындагы Д. ысытканда же бек урганда катуу жарылуу менен, эритме түрүндө өтө акырындык менен, ошондой эле жарыктын таасири аркасында ажырайт. Д. азотту бөлүп чыгара турган жана азоту бөлүп чыгарбай турган эки түрдүү реакцияга киришет:
ArN3X+HOH ArOH+HX+N;
ArN2X+ArNH2 Ar-N=N=NH-Ar+NX.
Ароматтык Д. түрдүү орг. бирикмелерди синтездөө жана азобоекторун алуу ө. ж-нда кеңири колдонулат. Д-ди 1858-ж. П. Грисс ачкан. Д-ди алуунун бир нече ыкмалары белгилүү. Алардын ичинен ароматтык аминдерди диазотирлөөнүн практикалык мааниси жогору.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6