Диазоний туздары
Диазоний туздары - курамында азот эки атому бар орг. бирикмелер тобу; жалпы формуласы:
[Ar-NN]=X- (мында Ar -ароматтуу же гетероциклдүү радикал; Х - күчтүү к-талар калдыгы: жана башкалар). Д.т. түссүз катуу заттар, сууда жакшы эрийт; борфторидинен башкасы жарылгыч келет. Д. т. галоген анионуна жана диазоний катионуна диссоциацияланат:
ArN2-X Ar-N+=N+X-
Ароматтык Д. т. башка ароматтык бирикмелерге караганда реакцияга өтө жөндөмдүү. Д. галогендүү туздары айрым элементтер галогендүү туздары менен кош туздарды пайда кылат. Булар жез майда күкүмдөрүнүн таасири менен ароматтык элемент орг. бирикмелерге айланат (к. Несмеянов реакциясы). Д. т. күчтүү к-танын чөйрөсүндө ароматтык биринчилик аминдерге, таасир кылуудан алынат:
C2H5NH2+NaNO2+2HCl C6H5N+ NCl-+NaCl+2H2O.
Ал ар түрдүү боекторду, бензол жана анын гомологдору туундуларын синтездөөдө колдонулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|