Диалектологиялык сөздүк

Википедия дан

Диалектологиялык сөздүк– диалектидеги сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгү. Кыргызстанда мындай сөздүк алгач Ж. Мукамбаев тарабынан түзүлгөн. Көп жылдык диалектологиялык изилдөөлөрдүн негизинде 1972-ж. «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнүн» 1-тому басылып чыккан, ал кайра оңдолуп, толукталып 2-жолу 1976-ж. басылган. Бул эмгек 4 томдон турат (калган томдору китеп болуп чыга элек). Диалектологиялык сөздүктө диалектилик бай материал жыйналып, ар бир сөзгө маанисине карата толук түшүндүрмө берилген. Сөздүктө кыргыз тилинин лексикасы диалектилик сөздөрдүн эсебинен толукталып жаткандыктан, андагы айрым диалектилерди, өзгөчө жергиликтүү элдин турмуштук, чарбачылык, маданий, этнографиялык маанидеги сөздөрүн адабий тилде да кеңири колдонуу менен, анын лексикалык курамын андан ары байытууда, ошондой эле этимологиялык жана лингвистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө баалуу эмгек болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1