Диализ

Википедия дан

Диализ (гр. dialysis – бөлүнүү, ажыроо) – жарым өткөргүч мембрана жардамы менен эритмелердеги коллоиддик бөлүкчөлөр жана ири мол-лык массалуу бирикмелер бөлүү методу. Бөлүнө турган заттар мембранадан ар түрдүү ылдамдыкта өтөт. Ошондуктан анализ диффузия закондорунун негизинде жүрөт. Аны жүргүзүү үчүн тазалануучу коллоиддик эритмелер менен эриткич ортосунда жарым өткөргүч мембрана коюлат. Ал электролиттер иондорун эриткичке өткөрүп, коллоиддик бөлүкчөлөрдү өткөрбөй тосуп калат. Эриткич мол-лары мембрана аркылуу коллоиддик эритмелерге өтөт. Бул процесстин ылдамдыгы коллоиддик эритмелер тазаланган сайын төмөндөйт. Жарым өткөргүч мембраналар нитро же ацетатцеллюлоза ж. б. полимерден даярдалат. Целлофан, пергамент кагаздарын пайдаланууга да болот. Д. механикалык Д, жана электродиализ болуп бөлүнөт. Д. электр тогунун жардамы менен жүрсө - электродиализ Д. а. Ал көп технологиялык процесстерде физ.-хим. жана биологиялык изилдөөлөрдө, ошондой эле медицинада колдонулат. Бөйрөктүн иштеши кадимки диализаторду элестетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]