Диалог

Википедия дан

Диалог (гр. dialogos сүйлөшүү, аңгемелешүү) - маалымат алмашуунун кеңири таралган түрү, эки же андан көп адамдын баарлашуусу.

Илимий диалог[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адабиятта тигил же бул теориялык жобонун мазмунун маалымдоонун ыкмасы катары колдонулат, негизинен суроо-жооп (катехизис) формасында учурайт.

Саясий диалог[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы саясий көз караш табуу, саясий эрки менен бийлик күч колдонбой ишке ашыруу максатында ар кандай мүдөөлөрдүн маңызын терең кароо аркылуу маселелерди чечүү формасы. Диалог өлкөдөгү же эл аралык аренадагы жаңжалдарды жөнгө салуунун, ар кыл күчтөрдү тынчтык кызматташууга тартуунун эң зарыл каражаты катары кызмат өтөп келет.

Философиялык диалог[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инсандардын дүйнөтааным тегерегинде өз ара алым-сабак иретинде пикир алышып, баарлашуусунан улам келип чыккан философиялык чыгарманын түрү жана өзгөчө баяндоо ыкмасы. Ал байыркы Грекияда биздин заманга чейинки 4-кылымда философиялык ойду догмалык эмес жол менен түшүндүрүүчү өз алдынча жанр катары калыптанган.

Информациялык диалог[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пайдалануучулардын (же операторлордун) компьютер менен өз ара иш алып баруу аракеттеринин жолу, суроо-жооп иретинде маалымат (же команда) алмашуусу.

Адабий диалог[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки же бир нече инсандар ортосундагы баарлашуунун түрлөрүн мүнөздөөчү түшүнүк. Баарлашуу диалогдук жана монологдук болуп экиге бөлүнөт. Диалогдук аңгемелешүүдө өз ара баарлашуу катышуучулардын биринен бирине өтүп, айтылган ой улам жаңы кепке чакырып турат. Монологдук кеп салуу жооп күтпөстөн, экинчи тарапка оозеки же жазуу жүзүндө кайрылуу (мемуар, күндөлүк, интервью жана башка). Кыргыз адабиятында диалог баарлашуу же пикир алмашуу өнөрү катары байыртадан нукура элдик нукта өнүгүп келген (айтыш, акыйнек, аския, бадик, сармерден, алым-сабак, табышмак табышуу, жоктоо, учурашуу дагы ушул сыяктуу). 20-кылымдын соңунда кыргыз профессионал адабиятында диалог түрүндөгү олуттуу чыгармалар жарала баштады. Дүйнөнүн айтылуу интеллектуалдары, маданият ишмерлери катышып, 1986-жылы өткөн дүйнөлүк Ысык-Көл форумунда да аңгемелешүү философиялык мүнөздө жүргөн. Диалогдук баарлашууну Ч. Айтматов: «Турмуштагы нерселердин бардыгы эле кызык окуяга айлана койбойт, кагазга түшүрүлгөндүн бардыгы эле ашкан кызыгуу менен окула бербейт. Мына ушул жагдайдан алганда аңгемелешүү окурмандан чыдамкайлуулукту жана ойчулдукту талап кылган кыйын жанр», деп мүнөздөйт. Ч. Айтматовдун жана М. Шахановдун «Жар кырындагы аңчынын ыйы» аттуу чыгармасынын жарыкка чыгышы менен (1996, Алматы) кыргыз адабиятында диалог жанрынын кеңири масштабдуу, көп проблемаларды бир түйүнгө уюткан көлөмдүү үлгүсү жаралды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5