Диатез

Википедия дан
Диатез

Диатезорганизмдин кадимки дүүлүктүргүчтөргө өзгөчө реакциясы, тигил же бул ооруга жакындыгы; организмдин тубаса же кийин пайда болгон өзгөчө сезгичтиги. Айрыкча жаш балдарда көп байкалат. Зат алмашуунун бузулушунан пайда болгон экссудат — катардык Д. кеңири таралган, анда айрым тамак-аш (көбүнчө сүт, жумуртка, кулпунай, цитрус жемиштери, бал, шоколад) жакпайт. Негизги белгиси: тизеде жана каштын үстүндө түлөгөн саргыч тактар пайда болуп, бети кызарып түлөйт, чач какачтанат, териси бышат. Мындай балдарга суук бат тиет, конъюнктивит, отит болуп, көп ооруйт, ичи бирде өтүп, бирде катат, организмде суунун көп кармалышы (борпоң балдар) байкалат. Аларда тери оорулары (экзема, нейродермит, кычыткы), дем алуу органдарынын оорулары (бронхит, бронх астмасы) көп жолугат; балдардын жугуштуу оорулары узакка созулуп, оор өтөт. Адатта Д. 3—5 жаштан кийин азаят же такыр жоголот. Дарылоо врачтын көрсөтмөсү боюнча гана жүргүзүлөт. Ата-эненин өз алдынча дарылоого аракеттенүүсү баланын абалын начарлатат. Врач адегенде Д-ди пайда кылган азыктарды кошпой, мүнөздөп тамактандырууну сунуш кылат. Сезгенип сууланган териге дары кошулган ванна, нейродермитте майлар жана пасталар (врачтын көрсөтмөсү боюнча гана) пайдалуу. Алдын алуу үчүн кош бойлуу аялдар жана бала эмизген энелер аны пайда кылуучу тамак-ашты жебеши же аз жеши керек. Кош бойлуулар талгактан жана башка оорулардан өз убагында дарылануусу зарыл. 3 жашка чейинки балдарга да мындай тамактарды берүүгө болбойт; айрым балдар үчүн өзүнчө тамак даярдоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8