Диафрагма (оптикада)

Википедия дан

Диафрагма (оптикада) - (грекче diaphragma тосмо), оптикада, оптикалык системаларда (телескоп, микроскоп, фотоаппарат жана ушул сыяктуу) жарык агымынын туурасынан кесилишин чектөөчү (ичкертүүчү) күңүрт тосмо. Көпчүлүк учурда, күзгү, призма, линза жана башка оптикалык нерселердин алкагы диафрагманын кызматын аткарат. Башка учурларда диафрагма атайын жасалган өзүнчө түзүлүш. Оптикалык системага түшкөн жарык агымын өтө күчтүү чектөөчү диафрагма апертуралык деп аталат. Фотографиялык объективде алардын жарыктанышты жылма өзгөртүү үчүн иристик диафрагма колдонулат. Диафрагманын өлчөмү, анын абалы сүрөттөлүштүн жарыктанышын жана сапатын, ачыктык тереңдигин, оптикалык системанын чечмелөө жөндөмдүүлүгүн, көрүү аймагын аныктайт. Диафрагманы кичирейтип, нурлардын агымынан аберрацияга алып келүүчү четки нурларды жоготууга болот. Мында, сүрөттөлүштүн сапаты жогорулайт. Электрондук жана иондук оптикада диафрагма заряддалган бөлүкчөлөрдүн агымынын туурасынан кесилишин өзгөртүү үчүн колдонулган тешикчелүү өткөргүч пластинка болот. Электр талаасына жайгаштырылган жана потенциалга ээ болгон тегерек диафрагма окко симметриялуу жөнөкөй электр-статикалык линзанын ролун аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]