Диваев, Абубекр Ахмеджанович

Википедия дан

Диваев Абубекр, Абубакир Ахмеджанович (18.12.1886, Оренбург 5.2.1932, Ташкент) - фольклор изилдөөчү, этнограф, археолог, түрколог, чыгыш таануучу. Улуту башкыр. Оренбургдагы Неплюев кадет корпусунун Азия бөлүмүн бүтүргөн (1876). Алгач Түркстанда аскер кызматчы, кийин Ташкент шаарында аскер-элдик башкармалыкта, Сыр-Дарыя аскер губернаторунун алдында кызмат өтөгөн. 1877-жылдан котормочу тилмеч. 1906-жылдан Казан университетинин алдындагы этнография бөлүмүнүн илимий кызматкери, Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик университетинде жана Чыгыш таануу институтунда этнография жана археология бөлүмдөрүнүн башчысы, этнография жана фольклордук экспедициялардын жетекчиси. Диваев Түркстан аймагында жашаган түрк элдеринин (өзбек, казак, кара калпак, кыргыз жана башка) элдик оозеки чыгармачылыгын, үрп-адаттарын, ырым-жырым, салттарын чогултуп, иретке келтирип, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын кыргыздар боюнча чогулткан материалдары Сыр-Дарыя, Олуя-Ата, Жети-Суу аймактарында жашаган топторго таандык болуп, кыргыз элинин этнографиясын, фольклорун, дүйнө таанымын изилдөөдө негизги булак болгон. Диваевдин катышуусу менен Кожо Ахмед Яссавинин мечитинен табылган эски жазуулар Түркстандын тарыхын изилдөөдө маанилүү салым болду. Ал тапкан мөөрдүн ортосуна Ахмед Яссавинин ысмы жазылып, «Хижранын 1212-жылы» деген жазуу түшүрүлгөн, четинде мөөрдү жасаган устанын ысмы (Кожохан) калтырылган. Диваев илимий ишмердиги үчүн 1896-жылы 22-январда Археология сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийриминин (ТКЛА) анык мүчөсү болуп шайланган. Диваев «Шоро баатыр», «Бекет баатыр», «Кобыланды», «Алпамыш баатыр» (анын бир нече вариантын), «Камбар баатыр», «Эр Таргын», «Айман-Чолпон» ырларын, «Алаша хан менен Алдар көсө», «Ажы» жана башка жомокторду, чечен сөздөрдү, казак балдар оюндарын жыйнап, кагазга түшүрүп, айрымдарын орус тилине которгон. Эл оозунан Асан Кайгы, Алашахан, Амир Темир, Караш баатыр тууралуу маалыматтарды, ошондой эле макал-ылакаптарды жазып алып жарыялаган. Диваевдин илимге сиңирген эмгегин П. М. Мелиоранский, В. А. Гордлевский, В. В. Бартолъд жана башка илимпоздор жоropy баалашкан. Диваев Түркстан элдик университетинде жана Түркстан Чыгыш институтунда (1924-жылы САГУнун чыгыш факультетине айланган) сабак берген. Эмгектери: Казахская народная поэзия. А.-А., 1964; Казактын халык творчествосы. А., 1989.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5